МУУН АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ

2021-05-29 10:50:57 271

Бүгүн, 29-май күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 40 жыл мурун бүтүп кеткен сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз менен жолугушуу болуп өттү. 1977-1981-жылдары окушкан ага-эжекелерибиз факультетибиздин куттуу залында сагынычты,кусалыкты таратып ырларды окуп, факультетибиздин азыркы студенттери тарабынан даярдалган майрамдык кечеге күбө болушту. Кечеден соң бүтүрүүчүлөрдөн бүгүнкү адистерди даярдоого байланышкан анкеталар алынып, алардын сунуш-пикирлери эске алынды. 40 жылдык той өткөрүп жаткан факультетибиздин бүтүрүүчүлөрүн куттуктайбыз.