"Таберик" чыгармачылык борбору

2021-06-04 19:41:45 251

2021-жылдын 4-июнь күнү ОшМУда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, ф.и.д., профессор Каныбек Исаков агайды эскерүү кечеси болуп өттү. Кеченин соңунда Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде К. Исаков атындагы "Таберик" чыгармачылык борборунун ачылышы менен жыйынтыкталды. Каана шакирттери тарабынан заманбап, өзгөчө, жагымдуу табитте ачылган.