КФжЖ факультетинде август кеңешмеси

2021-09-03 19:10:52 237

2021-жылдын 3-сентябрь күнү, Ош мамлекеттик университетинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен байланышты чыңдоо, тыгыз иш алып баруу максатында кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин август кеңешмеси өттү. Кеңешмени факультеттин деканы ф.и.к., доцент Н. Турганбаев ачып, мектеп мугалимдери менен биргеликте иш алып баруу факультеттин негизги багыты экендигин баса белгиледи. Кеңешмеге 400дөн ашуун мугалим катышып, факультеттин окутуучулары тарабынан баяндамалар жасалды, суроо-жооп, сунуш- пикирлер менен коштолуп, бүтүрүүчүлөр тарабынан анкеталар да толтурулду жана шаардан келген кесиптештерибиз менен баарлашууга шарт түзүлдү.