КУБАНЫЧТУУ КАБАР

2021-12-14 18:47:57 201

2021-жылдын 14-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинде окуган ЖК(б)-1-18 тайпасынын сыймыктуу студенти Абиев Кадырбек Асилбекович Президенттик "Үмүт" стипендиясына татыктуу болду. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тапшырды. Кадырбек мырза, алган сыйлыгыңыз кут болсун. Кыргыз элине талыкпай кызмат кылган чыгаан журналист болушуңузду каалайбыз.