Стандарт талкуулоо

2022-03-14 16:28:47 181

2021-жылдын 21-сентябрындагы №1578/1 Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жаңылангандыгына байланыштуу магистратура жана PhD доктарантура департаменти тарабынан атайын “МББСнын жаңыланган вариантынын айырмачылыктары” деген темада 2022-жылдын, 14-мартында ички жана тышкы стейкхолдерлерге талкуу уюштурулду. Талкуунун протоколдору тиркелет. Ош мамлекеттик университети Магистратура жана PhD докторантура департаменти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021 жылдын 21-сентябрындагы № 1578/1 буйругундагы магистратуранын жаңы мамалекеттик стандарттарын талкулоо боюнча жыйынынын №1 ПРОТОКОЛУ 2022.14.03 Ош шаары Төрага: проф. И.Г. Кенжаев Катчы: Асанова З. Баяндамачылар: Жумашева Г.С., Таабалдиева М., Молдалиев Ж.Т., Бекмурза уулу Ы. Катышкандар: факультеттердин магистратура башчылары жана магистратура программа жетекчилери Күн тартибинде: 1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021 жылдын 21-сентябрындагы № 1578/1 буйругундагы магистратуранын жаңы мамалекеттик стандарттарын талкулоо. Угулду:Магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору И.Г. Кенжаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021 жылдын 21-сентябрындагы № 1578/1 буйругундагы магистратуранын жаңы мамалекеттик стандарттарынын иштелип чыккандыгына байланыштуу стандартта көрсөтүлгөндөй кылып сырттан, адис жана тектеш эмес багыттарга лицензияларды алуу зарылчылыгын айтып өттү. Коомдук саламаттыкты сактоо багытына тапшыргандар күндүзгү 1 жылга узартылат, медицинадагы адис 2 жыл окуйт. Жекече окуу план менен окутуу мөөнөтү минимум 2,5 жылды түзөт. Доклад жасагандар:Жумашева Г.С.,Таабалдиева М.,Молдалиев Ж.Т., Бекмурза уулу Ы.- 2015-жылдагы мамлекеттик стандарттан азыркы 2021-жылдагы мамлекеттик стандарттын төмөндөгү айырмачылыктары бар экендигин белгилеп кетишти. 1. Предметтердин аталыштарын университеттин окуу методикалык бирикмеси (ОМБ) өзү чечет. 2. Адис магистратурада 1 жыл окуйт. 3. Теңдөө курстары кабыл алууда эсептелинет жана окуу мөөнөтү 2,5-3жылга чейин узартылат. 4. Жаңы стандартта НББПлар ар 5 жылда жаңыланат. 5. Тандоо курстары 50% түзүү керек.