Жамаатыбыздагы жакшы жаңылыктар

2022-03-14 16:41:12 159

КАНДИДАТТЫК КУТ БОЛСУН! Бай тажрыйбага, мол билимге ээ кесиптешибиз, Фактапк кафедрасынын окутуучусу Музулманов Мелисбек Узеновичти педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алышы менен куттуктайбыз! Илимий-изилдөө ишиңиздеги ийгилигиңиз кут болсун! Илим-билимге барандуу салым кошуп жүрө бериңиз! Жамаат сиз менен сыймыктанат. Журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Абдиева Чынара эжеке министрликтин Ардак грамотасын алды. Улук окутуучу Мейликан Нурмаматова эжеке "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле кышкы каникул убагында кваликация жогорулатуу курстарында окуган мугалимдерибиз сертификаттарын алышты. Факультетибизде ийгиликтер көп болсун.