КФжЖ факультетинде телетаймаш тартылды

2022-04-28 07:29:21 154

2022-жылдын 27-апрель күнү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде областтык мектептердин Манас таануу боюнча телетаймашы тартылды. Ушул иш чаранын алкагында мектеп окуучуларына факультет боюнча маалыматтар берилди жана таймашка келген 7 райондун окуучуларына, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнө факультеттин маалыматтык буклеттери берилди. Келген коноктордун ичинен факультеттин бүтүрүүчүлөрү анкеталарды толтурушуп, өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти.