ОшМунун Журналистика адистигинде белгилүү тележурналист Асанбек Каракозуев конокто болду.

2022-12-07 22:51:42 151

ОшМУнун Журналистика адистигинде Интеллектуалдык билим алуунун артыкчылыгы, китеп окуунун интеллектуалдык денгээлди көтөрүүдөгү орду боюнча конок лекция болду. Конок лектор катары Журналистика адистигинин бүтурүүчүсү, белгилүү тележурналист Асанбек Каракозуев чакырылган. Асанбек Каракозуев жакында "Daewoo" компаниясынын негиздөөчүсү Ким У Жунгдун "Бул Кең Дүйнө жана андагы улуу иштер" китебин которгон. Конок лекцияда китептин маңызы жана андагы ойлор жөнүндө кенен маек куруп берди. Андан сырткары китеп окуунун маданиятты көтөрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү.