МАКАЛАДАН МААНИЛҮҮ МАЕК

2024-01-27 16:49:35 77

2024-жылдын 9-январында ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мурзакметов агайдын “Кыргыздардын этноботаникалык түшүнүктөрүнүн макал-лакаптарда берилиши” деген темадагы макаласынын негизинде талкуу уюштурулду. Макаланы баштан-аяк деталдуу баяндап, суроо-жооп менен талкууну, кызыгууну күчөттү. “Этноботаника” деген кызык угулду эле😊, макаланын жазылуу тарыхын, кызыгуу жаратканын кылдат айтып берди. — Желе түбү – казык, Жекен түбү – азык; ЖЕКЕН/жекенди/коко өсүмдүгүнүн макалдагы мааниси, ЖЕКЕН аталышы, макалдын толук мааниси кандай?); — Сопу согон жебейт, Жесе калтырбай жейт (Сопу (молдо) эмнеге СОГОН жебейт, жесе эмнеге калтырбай жейт? Кызык чечмелөө болду); — Моюл жакканча моюн жак (МОЮЛ кандай өсүмдүк экендиги, бул макал эмне себептен айтылып калгандыгы жөнүндө); — Шилби көрсөң жулбагын, Былбык көрсөң урбагын (ШИЛБИ эмне, БЫЛБЫК эмне экендиги жөнүндө); — Күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичеби же шалынын шылтоосу мененби? — Алгы ичсең алыңды алат (АЛГЫ эмне үчүн алыңды алат? — Өз үйүм — өлөң төшөгүм (ӨЛӨҢ деген кандай өсүмдүк?); — Кыздын жаманы — камгак, Уулдун жаманы — уйгак (КАМГАК менен УЙГАК кандай чөп?) Макалдардын маанисинин майын чыгара түшүндүрүп, макал-ылакапта кездешкен чөп-чар, тал-теректин этимологиясын электен өткөрө иликтеп-жиликтегендиги окурман/угармандардын кызыгуусун арттырды. Баса, ЧӨП АКЫН деген болгондугу да мен үчүн жаңылык болду. А сиз ЧӨП АКЫН жөнүндө уктуңуз беле? Ал эми Чоң-Алайдагы Карамык айылынын (уламыштарда Мык деген ханга да байланыштырышат) “карамык/кара мык” аталышы чөптүн атына байланыштуу экендигин бир нече булактарга таянуу менен айтып бергендиги да угармандарды кызыктырды. Макала муюп укканга мол маалыматы, ийинине жеткире изилдеген илимийлүүлүгү менен мыкты экен. Баалуу баяндама үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ден соолукта болуңуз