Кылмыштуулуктун алдын алуу

2024-02-14 16:50:09 68

2024-жылдын 12-февралында атайын графиктин негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын өкүлдөр менен жолугушуу өттү. Коноктор Ошмунун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн башчысы Арзиев Нурлаким Маматкулович, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн участкалык милиция лейтенанты Эрали уулу Саматбек, ОшМУнун студенттик "Акыйкатчы" аппаратынын төрагасы Майрамбек уулу Баястандар зордук-зомбулук, уурулук, алдамчылыкты болтурбоо максатында лекцияларды өтүштү. Жыйынтыгында студенттер жана магистранттар тарабынан суроо-жооптор айтылып, эркин баарлашуу жүргүзүлдү.