Китеп окуу сынагы

2024-02-16 15:44:09 56

2024-жылдын 15-февраль күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде китеп окуу сынагы болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты - студенттердин китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын өз оюн кенен түшүндүрүүсүнө шарт түзүү. Сынакта алдын ала берилген жазуучу А.Саспаевдин "Кайнене" аңгемесинин негизинде берилген суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында, 1-орунду Талипова Сайкал, 2-орунду Насирова Элиза, 3-орунду Нажимидинова Толгонай багындырып, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле жалпы катышуучуларга китептер белекке берилди. https://www.instagram.com/reel/C3XgAfAsRIu/?igsh=MWNyYXNmZHV4amR0cw==