КФжЖ нын магистратура бөлүмүндө кезектеги ачык сабак

2018-04-12 18:40:39 293

12-апрель күнү педагогика илимдеринин кандидаты,доцент М.Шарипова магистратуранын 1-курстарына "Кептик коммуникациянын түрлөрү" деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка АББСДнын өкүлдөрү А. Султанова, К. Сооронбаева, ОГПИден М.Мусаканова, ОшМУнун педагогика факультетинен М.Шаимкулова, педколледжден А.Исмановалар жана факультеттин методикалык кеңешинин төрайымы З.Раимбердиевалар катышышып, жылуу пикирлерин айтышты. Сабак өтө жогорку денгээлде өтүп, билим берүүнүн жаңы технологиялары колдонулду. Күтүлүүчү натыйжалар,максаттар аткарылды.