Дареги: Масалиев пр.. 91а, 0(3222)8 – 76 - 93
Факультеттин карамагындагы кафедралар:
1.Кыргыз тил илими кафедрасы (каф. баш. доцент Элчиев Ж.Э.) .
2. Кыргыз адабияты кафедрасы (.каф.баш. доцент Мурзакметов А. К. ).
3. Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы (каф.баш. проф. Момуналиев С.М.).
4. Журналистика кафедрасы (каф. баш.доцент Эргешова С.Б.).
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети – Ош мамлекеттик университетинин структуралык бирдиги – Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 25.02.2011-жылдагы протокол №03/10 лицензияга кошумча №4 каттоо №1-758 окуу ишмердигин жүргүзүүгө укук берген чечими менен өзүнүн окуу ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
1951-жылы Ош педагогикалык институтунун карамагында орус жана кыргыз филология бөлүмдөрүнөн турган филология факультети ачылган.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин №244/4 Буйругунун, ректораттын чечими менен өз алдыларынча эки факультет болуп бөлүнгөн. 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн. Курамына журналистика бөлүмү да кирген.
Окуу процессинин жүрүшү, материалдык-техникалык база жана китептер фонду жөнүндө
Университеттин №2 окуу корпусу факультеттин окуу корпусу болуп саналат. Факультетте китепкана, “Япон” борбору, “Кут ордо”, Ж.Шериев атындагы методикалык каана, “Манас таануу” жана “Мамлекеттик тил үйрөнүү”, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Т.Аширбаев атындагы кыргыз тили каанасы жана “Кол жазмалар фонду” иштейт. Кол жазма материалдарды фольклордук практикалардын учурунда студенттер өздөрү топтошкон. Мында жанрдык жактан бай макал-лакаптардан тартып көлөмдүү элдик поэмаларга чейинки көркөм чыгармалар бар. Ушул кол жазмалардын негизинде “Макал-лакаптар”, “Жаңылмачтар жана табышмактар” деген наамдагы китептер басмадан жарык көргөн. Эми дагы жаңы сандары басмага даярдалып жатат.
Студенттердин жашоосуна жана эс алуусуна да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, 255 орундуу, жалпы аянты 3266 кв.м. болгон жатаканасы бар. Окуу корпусунда кичи футбол үчүн үстү ачык заманбап спорт аянтчасы жана волейбол, баскетбол ойноого ылайык спорт аянтчалары менен зал да жайгашкан. Бул жерде биздин студенттер − денесин чыңдоого жана спорттун тигил же бул түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Демек, адистикке даярдоо үчүн факультетте материалдык-техникалык база жеткиликтүү.
Студенттердин өз алдынча билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин тереңдетүүсүнө, сүйгөн багытындагы түрдүү маалыматтарды алуусуна бардык зарыл ыңгайлуу шарттар окуу жайда түзүлгөн. Алсак, факультеттин китепканасында 260000ге жакын, ал эми кыргыз тили, адабияты каанасында 7000дей окуу-усулдук, көркөм, философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Окуу каанасы 45 орунга ылайыкталып, керектүү адабияттар менен бирге кесипке зарыл мезгилдүү басылмаларга жазылган жана алардын тиркемелери сакталат.
Ошондой эле студенттер − башкы окуу корпусундагы жана областтык, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ. Факультетте илимий жана чыгармачыл ийримдер (“Усулчу”, “Лингвист”, “Жаш адабиятчы”, “Бүчүр”) иштейт, ага таланттуу студенттер катышышат. Алардын күчү менен “Насыят”, “Нуска”, “Лингвист”, “Тилчи”, “Бүчүр” деген дубал гезиттер чыгарылып турат.
Буларда жарык көргөн мыкты макалалар, көркөм туундулар университеттик, областтык жана республикалык массалык-маалымат каражаттарына сунушталып, жарыяланат.
Жогорудагылардан байкалгандай, бизде мыкты адис жана ар тараптуу өнүккөн, чыгармачыл инсан болууга бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин аудиториялык фонду. №2 окуу корпус.
№ |
КААНАНЫН № |
АТАЛЫШЫ |
АЯНТЫ М2 |
ОРУНУ даана |
ЭСКЕРТҮҮ |
1 |
101 |
кафедра |
30.34 |
Кыргыз тил илими |
|
2 |
107 |
кафедра |
22.60 |
журналистика |
|
3 |
108 |
аудитория |
46.4 |
28 |
аудитория |
4 |
110 |
аудитория |
46.8 |
24 |
аудитория |
5 |
113 |
аудитория |
42 |
16 |
аудитория |
6 |
114 |
аудитория |
48 |
23 |
аудитория |
7 |
123 |
кафедра |
55.04 |
Кыргыз адабияты |
|
8 |
124 |
аудитория |
51.81 |
35 |
аудитория |
9 |
125 |
кабинет |
55.2 |
Журналистика |
|
10 |
127 |
кабинет |
16.83 |
Магистратура |
|
11 |
128 |
Декан кыргыз филологиясы |
32.64 |
Кыргыз филологиясы |
|
12 |
129 |
кабинет |
15 |
Кол жазмалар фонду |
|
13 |
139 |
деканат |
22,7 |
Кыргыз филологиясы |
|
14 |
202 |
аудитория |
36,5 |
26 |
журналистика |
15 |
203,204 |
аудитория |
60,48 |
24 |
журналистика |
16 |
300 |
Аудитория |
18,9 |
20 |
аудитория |
17 |
302 |
Аудитория |
22 |
24 |
аудитория |
18 |
303 |
Лекциялык зал |
72,45 |
96 |
аудитория |
19 |
304 |
Аудитория |
34,2 |
32 |
аудитория |
20 |
305 |
Аудитория |
56,07 |
25 |
Көп тил билүү борбору |
21 |
306 |
Аудитория |
56,04 |
30 |
аудитория |
22 |
307 |
Лекциялык зал |
54,81 |
20 |
аудитория |
23 |
308 |
Лекциялык зал |
55,44 |
64 |
аудитория |
24 |
309 |
Лекциялык зал |
55,44 |
20 |
аудитория |
25 |
310 |
Аудитория |
49,64 |
25 |
Жапан борбору |
26 |
311,312 |
Метод кабинет |
64,8 |
Окуу залы |
|
27 |
313 |
Кафедра |
19,8 |
ФББТ |
|
28 |
314 |
Кабинет |
10,15 |
Жаштар комитети |
|
29 |
315 |
Кабинет |
10,15 |
Проф. С.Момуналиев |