• ОшМУнун Миссиясы

ОшМУнун Миссиясы

ОшМУнун миссиясы жана стратегиясы

Ош мамлекеттик университетинин миссиясы – жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу заманбап адистерди даярдоо (ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 7 жыйынынын ЧЕЧИМИ)

Университеттин келечекке карай максаты –ОшМУнун классикалык университеттен - дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөчү жана инновациялык университетке трансформациялоо.

Стратегиялык максат – Дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү. ОшМУну Борбор Азиядагы эң алдынкы 3 университеттердин бирине айландыруу.

ОшМУнун миссиясы жана стратегиясы

ПЛАНДОО ПРОЦЕССИ

2021-2022-жылдарга карата «Коом жана билим берүү» (мындан ары – стратегиялык план) пилоттук долбоорун ишке ашыруу процесси буга чейинки пландардын багытына окшош, аны менен катар эле жаңы стратегияларды камтып, кризистен кийинки көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Сапат системасынын негизги элементи ар кандай улуттук жана эл аралык баа берүү агенттиктери тарабынан колдонулган негизги параметрлерди жана көрсөткүчтөрдү колдонуу менен жүргүзүлгөн кылдат анализге негизделген стратегиялык пландоодон турат. Стратегиялык пландоо боюнча азыркы адабияттарга жана башка университеттер тарабынан ишке ашырылган аналогдук процесстерге ылайык, университет мамлекеттик университетти башкаруу жана пландоо принциптерине туура келген стратегиялык жол картасын иштеп чыкты. Стратегиялык пландаштыруу процесси биздин стратегиялык максаттарга жетүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ИСО 9000:2015 стандарттарына ылайык, ар бир багыт боюнча уюштуруу натыйжалуулугун пландаштырган иш-чараларды аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Стратегиялык пландаштырууну аныктоо процесси төмөнкүдөй этаптарды камтыган:

  • Миссия, баалуулуктар, көз караш;
  • Позициялык анализ;
  • Негизги жана стратегиялык максаттарды аныктоо;
  • Стратегияны жана иш-аракеттерди аныктоо;
  • БУУнун туруктуу өнүгүү тармагында 17 максат менен байланыш
  • Эффективдүүлүктүн сандык көрсөткүчтөрүн аныктоо;
  • Стратегиялык жол картасын жалпы макулдашуу.

МИССИЯ

ОшМУнун миссиясы Биздин миссия - жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга жуурулушкан келечектин чакырыктарына ылайыктуу, илимий жана чыгармачыл ишмердүүлүккө шыктандыруучу, туруктуу өнүгүүгө багытталган динамикалуу чөйрөнү түзүү.

БААЛУУЛУКТАР

Стратегиялык планды ишке ашыруу Конституцияда, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында жана Университеттин Уставында жазылган баалуулуктарга негизделет. Жана бүтүндөй коом үчүн негизги баалуулуктардын булагы болуп саналат:

Ош мамлекеттик университетинин «Коом жана билим берүү» пилоттук долбоору