Максаттары, окутуунун натыйжалары

531000 “Филология” программасынын “Кыргыз тили жана адабияты” профили боюнча магистратуранын НББПдагы максаттары жана окутуунун натыйжалары

1-максат: Филология багытында илимий изилдөө ишин жүргүзө алган, тилдин негизги өнүгүү закон-ченемдүүлүктөрүн, адабий процесстин өнүгүү тенденциясын анализдей алган, оозеки жана жазуу коммуникацияны так өздөштүргөн, кесиптик милдеттерди ишенимдүү жана натыйжалуу аткара алган, коомго керектелүүчү жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон филолог адистерди даярдоо.

2-максат: Тексттердин түрдүү типтерин түзөтүп, өзгөртө алган, гуманитардык илимдер системасында филологиянын ордун аныктай алган, долбоор жазуунун ыкмаларын өздөштүргөн, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнүн негиздерин үйрөнүп жана уланта алган, изилдөөнүн жыйынтыктарын практикада колдоно билген магистрлерди даярдоо

К№

Окутуу натыйжалары

Калыптандыры - луучу компетенциялар

1-ОН

Филологиялык багытта изилдөөнүн заманбап методологияларын жана инновациялык маалымат технологияларын пайдаланып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жалпылоо, талдоо өз алдынча изилдөө жүргүзүү көндүмдөрү нө ээ болот.

ЖИК-1, ЖИК-2, ИК-2, СИЖМК-5, ПК-1, ПК-2, ПК-5, ПК-6, ПК-7, ПК-21

2-ОН

Баарлашуунун түрдүү сферасында ишмердүүлүгүн жүргүзө алат жана коммуникативдик маселелерди коюуга, чечүүгө жөндөмдүү.

ИК-2, ИК-3, ИК-4, СИЖМК-1, ПК-3, ПК-12, ПК-13, ПК-14, ПК-15, ПК-16

3-ОН

Түрдүү билим берүү мекемелеринде окутуунун заманбап технологияларын пайдаланып педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзө алат;

ЖИК-5, ИК-6, ПК-8, ПК-9, ПК-10, ПК-11, ПК-17, ПК-20

4-ОН

Кесиптик ишмердүүлүгүндө өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин өркүндөтө алат жана ишмердүүлүктүн багытын өзгөртүүгө адаптациялана алат.

ЖИК-3, ЖИК-4, ЖИК-6, ИК-1, СИЖМК-2, СИЖМК-3, СИЖМК-4, ПК-4, ПК-18, ПК-19

531000 “Филологиялык билим берүү” программасынын “Кыргыз тили жана адабияты” профили боюнча магистратуранын НББПдагы максаттары жана окутуунун натыйжалары

1-максат: Компетенттүүлүк мамиленин негизинде жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында кесиптик милдеттерин ишенимдүү аткарган, билим берүү чөйрөсүндө инновациялык идеяларды берген, жаӊы технологияларды колдоно ала турган, өз алдынча илимий изилдөө иштерин жүргүзө ала турган педагог адисти даярдоо.

2-максат: Билим берүүнүн сапатын арттырууда жаӊы, чыгармачыл ойлорду сунуштай ала турган, системалуу ой жүгүрткөн, көз карашын логикалуу аргументтей алган, түрдүү методдордун жардамы менен лингвистикалык жана адабий анализ жүргүзүп, өз алдынча интерпретация жана аннотация жасай алган адисти даярдоо.

К №

Окутуу натыйжалары

Калыптандыры-луучу компетенциялар

1-ОН

Педагогикалык илимдердеги изилдөөлөрдүн заманбап методологияларын жана инновациялык маалымат технологияларын пайдаланып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жалпылоо, талдоо жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болот.

ЖИК-1, ЖИК-3

ИК-3

ПК-8, ПК-9, ПК-11, ПК-12, ПК-20, ПК-21

2-ОН

Баарлашуунун түрдүү сферасында ишмердүүлүгүн жүргүзө алат жана коммуникативдик маселелерди коюуга, чечүүгө жөндөмдүү.

ИК-1, ИК-2 СИЖМК-1 ПК-7, ПК-13, ПК-18

3-ОН

Билим берүү мекемелеринин түрдүү типтеринде окуу процессин заманбап окутуу технологияларын пайдаланып уюштура алат жана башкарууга жөндөмдүү.

ЖИК-5ПК-1, ПК-2, ПК-3, ПК-4, ПК-5, ПК-14, ПК-16, ПК-19, ПК-23

4-ОН

Кесиптик ишмердүүлүгүндө өзүнүн интеллектуалдык деӊгээлин өркүндөтө алат жана ишмердүүлүктүн багытын өзгөртүүгө адаптациялана алат.

ЖИК-2, ЖИК-4ИК-4 СИЖМК-2,

СИЖМК-3 ПК-6, ПК-10, ПК-15, ПК-17, ПК-22