КФжЖ факультетинин мектептер менен байланышы

2019-01-08 16:51:00 190

Бүгүн Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы орто мектебинде шаардагы орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин январь усулдук кеңешмеси болуп өттү. Анда кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин улук окутуучусу А.Маматова "Мамлекеттик билим берүү стандартындагы күтүлүүчү натыйжалардын сабактын план-иштелмелеринде камтылышы" деген темада баяндама жасады. Бул кеңешмеге 60ка жакын мугалимдер катышып, пайдалуу маалыматтарды ала алгандарын белгилешти.