Филологиялык билим берүү программасынын жумушчу тобунун жолугушуулары

2019-01-19 16:54:48 186

2019-жылдын 11-январында филологиялык билим берүү программасы боюнча кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили профилдеринин жумушчу тобунун жолугушуусу болду. Жолугушууда өздүк баалоо отчетун жазуу боюнча талкуулар жүрдү. Буга чейин да бул программанын жумушчу топторунун бир нече жолу жолугушуулары жүргөн: 2017-жылдын декабрь айындагы биринчи жолугушууда НББПнын окутуу натыйжалары жана максаттары талкууланган, экинчи жолугушууда 2018-жылдын январь айында НББПнын сегиз окутуу натыйжасы аныкталган, үчүнчү жолугушуу 2018-жылдын апрель айында болуп, дисциплиналардын окутуу натыйжаларына багытталышы талкууланган.