КФжЖ факультетинде иш-чара

2019-04-01 08:54:01 195

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына жана Нооруз майрамына карата 27-март күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 1-курстар арасында улуттук тамак-аштардын сынагы, 3-курстардын арасында "Сармерден" оюну өткөрүлдү. Жыйынтыгында КЛ(б)-3-18 тайпасы тамак-аштардын сынагында 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом менен сыйланышты.