8-март аялдардын Эл аралык майрамы

2015-03-10 15:11:26 201

6-март күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин концерттик залында факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары Турганбаев Нурмамат агайдын жетектөөсүндө уюштурулган жалаң жигиттерден турган топ факультеттин эжейлерин жана студент кыздарын 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. Майрамдык программада жигиттер ыр, бий, тамаша тартуулашты. Кечени факультеттин деканы проф. С.Момуналиев ачып, аялзатынын жаз майрамынын өзгөчөлүгүн белгиледи жана автордук ырын окуп берди. Программанын соңунда эжейлерге гүл, тарбия иштери боюнча декандын орун басары, жаштар комитети тарабынан даярдалган эжейлердин өз сүрөттөрү түшүрүлгөн белектер тартууланды.