8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата кыздар арасында волейбол

2015-03-10 15:20:08 185

7-март күнү 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдешке ар бир тайпадан бирден команда катышты. Таймаш курч өттү. Жыйынтыгында КЛ(Б)-1-13 тайпасы 1-орунга, 2-орунду А-1-11тайпасы, 3-орунду КЛ(Б)-1-12 тайпасы алды. Жеңүүчүлөргө громата жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Факультеттин деканы С.Момуналиев мыкты оюнчу кыздарга автордук китептеринен белек кылды. Бул иш чара жыл сайын өтүлүп, салтка айланмакчы.