"Манас күнү - улуттун күнү"

2021-12-02 15:15:08 225

2021-жылдын 2-декабрь күнү ОшМУнун чоң актылык залында "4- декабрь - " Манас" күнүнө " карата кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан "Манас күнү-улуттун күнү" аталышында илимий семинар болуп өттү. Мында филология илимдеринин доктору Г. Жамгырчиева "Манас" эпосунун учурдагы коомдук мааниси жана изилдөө иштери", ф.и.д. Б. Темирова "Манас" эпосу менен кыргыз адабиятынын карым-катыш маселелери"‚ т. и. к., доцент А. Мурзакметов тарабынан "Манас" дүйнөсүнүн сырлары" деген аталыштагы илимий баяндамаларды жасашты. Семинарда "Манас" эпосуна байланышкан көргөзмө уюштурулуп, студенттер үчүн бир топ пайдалуу маалыматтар болду.