Мыкты ачык сабак

2022-10-17 19:59:06 155

ОшМУнун АББС департаменти тарабынан окуу жылы ичинде ар жумага адистиктерден ачык сабактардын графиги түзүлүп, мыкты тажрыйбаларды жайылтуу пландаштырылган. Ар бир сабактын видеосу жарыяланып турмакчы. Буга ылайык бүгүн филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу Нурбек Жумаев КЛ(б)-2-22 тайпасына кыргыз тилинин практикуму дисциплинасынан "Эки варианттуу сөздөрдүн жазылышы" деген темада ачык сабак өттү. Сабакка окуу жайыбыздын АББС департаментинин адистери менен бирге 12 окутуучу катышып, студенттердин активдүүлүгүн, практикалык көнүгүүлөрдүн окутуу натыйжасына багытталгандыгын, методикалык жактан мыкты уюштурулгандыгын белгилешти.э