Кыргыз филологиясында поэзия кечеси болуп өттү

2016-03-18 20:45:56 195

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 17-март күнү ОшМУнун тарбия департаменти, "Жигер" чыгармачылык жаштар борбору тарабынан уюштурулган "Шабыт" фестивалынын лауреаты, "Эйфория" аттуу поэтикалык жыйнактын автору, акын Калича Жакыпованын "Көздөгү сыр" аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге факультеттин жалпы окутуучулары, студенттери катышышты.