65 жылдык юбилей

2016-04-26 16:14:38 200

2016-жылдын 25-апрель күнү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, п.и.д., профессор С.Момуналиевдин 65 жылдык юбилейи өткөрүлдү. Кечеге мейман болуп университеттин ректору, ф.и.д., профессор К.Исаков, проректор п.и.к., доцент О.Шаимкулов, юбилярдын жакын достору, туугандары жана факультеттин жалпы окутуучулары, студенттери катышышты. Сатканбай агайыбызга мындан ары ден соолук, үй бүлөсүнө тынчтык жана илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз.