АНМУнун студенттери КФжЖ факультетинде диалектологиялык практика өтөшөт

2018-05-30 14:12:56 208

Бүгүн Андижан мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 2-курсунда окуган 9 студент диалектологиялык практика өтөгөнү Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине келишти. Алардын арасында декандын окуу иштери боюнча орун басары Тожиев Олимжан жана куратор Одина Усманова дагы бар. Андижандык студенттер эми куратору Одина айым менен чогуу Ош шаарынын айланасындагы жакынкы айыл-кыштактарда 9-июнга чейин диалектилик сөздөрдү топтошуп, практика өтөшөт.