Илимдин баба дыйканы

2018-09-21 21:50:33 198

Кечээ, 20-сентябрь күнү ОшМУнун чоң актылык залында “Илимдин баба дыйканы”, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, ф.и.д., профессор Токтосун Аширбаевдин 70 жылдык эскерүү кечеси болуп өттү. Кечени ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаков алып барды. Кечеде агайдын жакындары,замандаштары жана уюштуруу тобу сөз сүйлөшүп агайдын үлгүлүү устат, жароокер жан, ак көңүл, тамашакөй жана коомдогу мыкты агартуучу инсан экендигин айтып өтүштү.