ИЛИМИЙ ДИСКУРС
16.04.2024
Кафедранын доценти Алиева Фарида Эсеновнанын "Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы микротопонимика этникалык эс тутум катары" деген темадагы илимий макаласынын талкуусу өттү. Угуучулар макаланын методологиясы аныкталгандыгына, жаңычылдыгына, актуалдуулугуна токтолушуп, баяндамачыга баалуу пикирлерди билдиришти.
ОшМУнун 85 жылдыгына карата илимий жумалыктын алкагында илимий-изилдөө багытындагы иш-чаралар байма-бай өтүлүп турмакчы.
ОшМУнун факультеттеринде ОЛИМПИАДА
Кыргыз тили предметинен факультеттерде олимпиада болуп өттү.
Жазуу жумуштары (жат жазуу, баяндама), тест (гугл форма) алынып, жеңүүчүлөр белгиленди.
КЫРГЫЗ ВИКИПЕДИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ
2024-жылдын 21-февралында "Кыргыз Википедиясын тутумдук өнүктүрүүгө" багытталган семинар кафедранын окутуучулары үчүн уюштурулуп, мамлекеттик тилде Википедияга макала жазуу жана түзөтүү, энциклопедиялык маалыматтарды жазуу жана булактар менен иштөө, студенттердин өз алдынча иштөөлөрүн оптималдаштырууга булак катары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, кенен баяндап берген кыргыз википедиячысы, активист Элбек Хабибуллаевге ыраазычылык билдиребиз.
Долбоорлор менен иштөө, мамлекеттик тилдеги макалаларды жакшыртуу, коомчулукка сабаттуу маалыматтарды жеткирүү ж.б. максатындагы кызматташуубуз улана бермекчи.
ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 2024-жылдын 13-мартында КЫРГЫЗ ТИЛИ предметинен (баштоочу,
улантуучу) XI аймактык студенттик олимпиадага катышуучулар тандалды.
Баштоочу тайпа:
1-орун: Шамшиева Машхурахон (Орус филологиясы факультетинин студенти. Окутуучусу Жазгул Максутова);
2-орун: Хамдамова Садия (Медицина факультетинин студенти. Окутуучусу Гулнара Толубаева);
3-орун: Алимжанова Шаходат (Табият таануу жана агрардык технологиялар факультети. Окутуучусу Фарида Алиева).
Улантуучу тайпа:
1-орун: Жөжөбекова Аяна (Орус филологиясы факультети. Окутуучусу Жазгул Максутова);
2-орун: Абдиламитова А. (Физика-техника факультетинин студенти. Окутуучусу Рахат Бекмуратова);
3-орун: Сегизбаева Даткайым (Юридика факультетинин студенти. Окутуучусу Кызбурак Маданова).
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!
Кийинки баскычтарга үлкөн ийгиликтерди каалайбыз!
СТУДЕНТТЕР ИЛИМДЕ
2024-жылдын 26-мартында А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан өткөрүлгөн “Нарктуу үй-бүлөлүк педагогика” аталышындагы студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясына ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун ГД(б)-1-21 тайпасынын студенти Шарип кызы Майрам кафедранын улук окутуучусу Жыпаргүл Айтибаеванын жетекчилигинде “Тарбия башаты – үй-бүлө. Салттуу тарбия” аталышындагы макаласы менен катышып, мазмундуу баяндама жасады. Баяндама катышуучулардын кызыктуу талкуусун жаратып, басмага сунушталды.